Орусияда мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миң кишини түздү. Алардын 30 пайызы балдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиев “Азаттыкка” билдирди.
Ал реестрдеги жарандардын саны улам өзгөрүп турарын, айдын башында “кара тизмеге” кирген кыргызстандыктар 113 миңге жеткенин кошумчалады.
“Реестрге түшкөн 103 миң жарандын 30 пайызы балдар. Биздин жарандар балдарды каттоого койгон эмес, тийиштүү медкароо, манжа изин тапшыруу, сүрөткө түшүрүү процедуралардан өткөн эмес. Ошондуктан реестрге түшүп калган балдар дагы көп. Кезек маселелери дагы бар. Аны чечүү үчүн бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди Асаналиев.
Учурда элчилик Орусиянын аймагында жүргөн мигранттар арасында документтерди мыйзамга шайкеш келтирүү, реестрден чыгууга байланыштуу түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 23-июлда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолуккан. ТИМден кабарлашкандай, анда Орусиянын "кара тизмесиндеги" кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары талкууланган. Кыргыз тарап миграциялык борборлордогу узун кезектерден улам Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө документ кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу өтүнүчү менен кайрылган.
Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдөгү жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскерткен.
Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.
Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.(КЕ)
Шерине