Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Борбор Азия

Париж Палестин мамлекетин тааныйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:27 0:00

Франция жакын арада Палестин мамлекетин тааный турганын жарыялады. Палестин автономиясы бул чечимди кубаттаса, Израил менен АКШ Парижди катуу сындады. Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Мигранттар бул реестрден чыгуу түйшүк жаратып жатканын, тоодой тоскоолдуктарга даттанууда. Соңку эки ай ичиндеги эки жоокердин өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берди. Расмий маалыматта жетекчи аскерлердин суицидин алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрө албаганы айтылды.

Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.

Элчилик ушул тапта Орусиянын аймактарында мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Мунун алдында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугуп, "кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу чараларын талкуулаган.

Орусия мигранттарга байланыштуу жаңы эрежелерди киргизип, сентябрга чейин документтерин мыйзамдаштыруу талабын билдирген.

Документтерин мыйзамдаштырууга берилген мөөнөт жакындаган сайын миграциялык борборлордо, полиция бөлүмдөрүндө узун кезектер пайда болууда. Мигранттар “кара тизмеден” чыгуунун машакаты оңой-олтоң болбой жатканына даттанып, тоскоолдуктар тууралуу айтып жатышат.

"Реестрден чыгуу кыйын болууда"

Кыргызстандык Жылдызбек 5-6 жылдан бери Москвада такси кызматында иштейт. Реестрге түшүп калганы тууралуу маалыматты июндун ортосунда телефондон билдирүү аркылуу алган. Ага каттоосу базада жок болгону үчүн “кара тизмеге” киргенин аймактык инспектор билдириптир. Каттоосун базага киргизип, реестрден чыгуу үчүн ички иштер органдарына документтерин тапшырып, эки аптадан бери күтүп жаткан экен:

“Реестрден чыгыш өтө эле кыйын. ИИМге барсаң жакшы кабыл албайт. Ортодо ортомчулар пайда болгон. Аларга акча берсең карайт, болбосо жок. Документ жасаш аябай кыйын болуп калды. Онлайн тапшырганда деле ошолордун колунан өтөт экен, кечиктирип коюшат. Азыр полиция эле жыргап жатат. Реестрде болсоң иштегенге болбойт, айып салам, “Сахарового” жөнөтөбүз деп алды 5, арты 30 миң рублге чейин берип чыгып жатышат. Документиң начар болсо кайра эле ошол тизмеге кирет экенсиң. Москвага келгенден баштап жумуш расмий болсо, каттоого турсаң реестрден чыгыш деле жеңил эле. Бирок ошону дагы чыгарып койбой, кармап отура беришет экен. Мен эки жолу барып келдим, дагы деле чыкпай турат. Картам блоктолгон, акчамды дагы ала албайм”.

Дагы бир кыргызстандык Рахима жакында эле реестрден чыкканын, кезек күткөндөр абдан көп экенин айтып берди. Ал документтерин тапшыруу үчүн өзүнүн кезегин бир айдан ашык күтүптүр.

“Мен 8-июнда реестрге түшүп, ИИМге 18-июлда дегенде гана кирдим. Мага жумуш келишимиң базада жок экен дешти. Менин документтеримдин бардыгы мыйзамдуу болчу. Автобуска отуруп картам менен жол кире төлөйүн десем эле иштебей, картам блоктолуп калыптыр. Жөн жерден эки миң айып пул төлөдүм. Булар бардыгына коррупциянын эшигин ачып беришти да. Мигранттар аркылуу акча жасап жатышат. Кезегимди бир ай күтүп тапшырдым. Документтерди тапшыргандан кийин бир аптадан кийин тизмеден чыгып калыптырмын. Кыскасы, азыр жөнөкөй эл эле кыйналды. Эми каттоомдун мөөнөтү дагы бүтүп, Москвадан сыртка чыгып келдим. Кайра 15 күндүн ичинде жаңыдан каттоого турушум керек. Текшерүү абдан катуу. Мурдагыдай 5-10 миң берип кутула албайсың”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү Орусиянын тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугуп, ал жакта “кара тизмеге” кирип калган кыргыз мигранттарынын мыйзамдашуусундагы тоскоолдуктар жөнүндө билдирип жатат.

Буга чейин кыргыз тарап бир нече шаар жана облустардагы миграциялык борборлордо кезек көп болуп жатканын белгилеп, кыргызстандыктар үчүн кошумча терезелерди ачууну дагы өтүнгөн.

Тизмеге кирген ар бир жарандын иши өзүнчө каралат

Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиевдин “Азаттыкка” айтымында, мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны азыр 103 миң кишини түзүп турат. Алардын 30 пайызы балдар. Асаналиев реестрдеги жарандардын саны улам өзгөрүп турарын, айдын башында “кара тизмеге” кирген кыргызстандыктар 113 миңге жеткенин кошумчалады.

Бакыт Асаналиев. Кыргызстандын Орусиядагы консулдук бөлүмүнүн башчысы.
Бакыт Асаналиев. Кыргызстандын Орусиядагы консулдук бөлүмүнүн башчысы.

“Реестрге түшкөн 103 миң жарандын 30 пайызы балдар. Биздин жарандар балдарды каттоого койгон эмес, тийиштүү медкароо, манжа изин тапшыруу, сүрөткө түшүрүү процедуралардан өткөн эмес. Ошондуктан реестрге түшүп калган балдар дагы көп. Кезек маселелери дагы бар. Аны чечүү үчүн бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди Асаналиев.

Учурда элчилик Орусиянын аймагында жүргөн мигранттар арасында документтерди мыйзамга шайкеш келтирүүгө, реестрден чыгууга байланыштуу түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

“Реестрге кирген ар бир жарандыкы жеке түрдө каралат. Аны жалпылап айтуу туура эмес. Бирөө Сахарово борборуна барып тийиштүү процедуралардан өткөн эмес, манжа изин тапшырган эмес учурунда, башкасынын эмгек келишими жок, дагы бирөөнүн каттоосу жасалма болуп, базадан чыкпай калган. Ошондуктан тизмеге ар ким ар кандай жагдайда кирип калууда. Эгер жарандын дагы бир документи туура эмес болуп калса ал кайра эле “кара тизмеге” кирип калышы мүмкүн. Бир чыккандан кийин кирбейт деген туура эмес”.

"Текшерүү күчөп, мигранттар кыйналды"

Анткен менен кичине бир жагдайда "кара тизмеге" кирип калган учурлар арбын экенин беш жылдан бери Москвада иштеген мекендешибиз Назигүл Эшимбекова айтып берди.

"Бизде эмгек келишими боюнча айлыгыбыздын 13 пайызы салыкка алынат. 90 миң айлык алсак салыкты аз төлөш үчүн жумуш берүүчүлөр 70 миң алат деп жазат. Кээ бирөөлөр расмий жумуштан сырткары кошумча иштешет. Ошол акчанын баары картага түшөт, накталай алсак деле кайра картага толуктайбыз. Кыргызстанга акча которгондо айлыктан 10 миң сом ашыкса салсак эле реестрге түшүп жатат. Экинчиден, айрымдар хостелде каттоого турган. Базадан чыкса дагы хостел болгон үчүн реестрге түшүп жатат. Үчүнчүдөн, батирдин ээси менен макулдашып 1 жыл же 3 айга каттоого турган менен кошумча башка киши каттоого турганда сен автоматтык түрдө базадан чыгып кетет экенсиң. Анан кайра эле реестрге түшөсүң", - деди кыргызстандык Назигүл Эшимбекова.

Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиев жаңы кирген миграциялык мыйзамдарга ылайык, мурдагыдай "кирди-чыкты" жолу менен мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрден ("кара тизме") чыгуу мүмкүн эмес экенин эскертүүдө. Ошондой эле жарандарды элчиликтин же миграциялык өкүлчүлүктүн атынан тизме түзүп же акчага чыгарып берүү тууралуу ортомчулук кызмат сунуштагандарга ишенбөөгө чакырууда:

“Негизи кирди-чыкты кылуу жолу башынан эле туура эмес болгон. Орусиянын президентинин жарлыгында белгиленген. Эгер Орусиядан кетпейм, иштейм дегендер өлкөдөн чыкпай туруп укуктук абалын мыйзамдаштырыш керек же мекенге кетем дегендер Орусиядан чыкканда реестрден чыгарылат. Бирок алар Орусияда жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген болсо кайра кирүүгө чектөө коюлат”.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 23-июлда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолуккан. ТИМден кабарлашкандай, ал Орусиянын "кара тизмесиндеги" кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу чараларын талкууланган. Кыргыз тарап миграциялык борборлордогу узун кезектерден улам Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө документ кабыл алуу үчүн кошумча терезе ачуу өтүнүчү менен кайрылган.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

Орусияда эмгектенген кыргызстандыктар документти мыйзамдаштыруудан сырткары көчөдө, аэропорттордо текшерүү дагы катаалдаганын айтууда.

“Эмгек келишиминде көрсөтүлгөн акчадан көбүрөөк сумма алып кетип жатсаң салык төлөтүп жатыптыр. Андан сырткары VPN тиркемелеринен дагы этият болуш керек болуп жатат. Чек арада ошону дагы текшерип, айып пул салып жатат”, - деди Москвадагы атын атабоону суранган дагы бир кыргызстандык.

Ушул эле маалыматты мигранттардын WhatsApp тобунда отурган дагы бир келин тастыктап, “эжемди жолдон полиция токтотуп, телефонун текшериптир. VPN бар экенин көрүп, ачтырып көрүптүр. Көптөн бери иштетпегенин көргөндө анан коё бериптир”, - деди.

Буга чейин мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөө үчүн атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин РИА Новости басылмасындагы маегинде билдирген. Ал Орусиянын аймагына кирген мигранттар дароо сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, телефонуна атайын тиркеме орнотулуп, ал аркылуу баскан-турганы каалаган учурда текшерилерин белгилеген.

Мигранттарга укуктук жардам берип келаткан адистер бул чаралар жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин белгип жатышат. Алардын айтымында, көзөмөл жүргүзүүгө каршы болгон мигранттарга Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынып калышы ыктымал.

Орусиядагы консулдук бөлүмдүн маалыматына караганда, 352 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда миграциялык каттоого алынган. ТИМ 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда экенин билдирген. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG