Украинанын президенти Владимир Зеленский жемкорлукка каршы күрөшкөн мекемелер тууралуу жаңы мыйзам долбоорун Жогорку раданын кароосуна койду. Ал документ Коррупцияга каршы улуттук бюро жана Антикоррупциялык атайын прокуратуранын көз карансыздыгын бекемдеп, коомчулуктун нааразылыгына "жооп болорун" айтты.
"Мыйзам долбоорунда ар кандай кыянаттыкты алдын алуу чаралары да каралган. Долбоордун тексти өнөктөштөр, укук коргоо органдарынын, ошондой эле Коррупцияга каршы улуттук бюро жана Антикоррупциялык прокуратура өкүлдөрү менен талкууланды. Өнөктөштөрдөн – Британия, Германия жана Европа Биримдигинен көптөгөн эксперттик сунуштар түштү", - деди Зеленский бейшембидеги телекайрылуусунда.
Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, Украинанын баш прокуроруна Коррупцияга каршы улуттук бюро менен Антикоррупциялык атайын прокуратуранын кызматкерлерине көрсөтмө берүүгө тыюу салынат.
Ошол эле маалда Антикоррупциялык бюронун детективдери мамлекеттик сырды сактоо боюнча полиграфтан өтүүгө милдеттүү. Атайын кызмат алардын кызматкерлеринин Орусия менен байланышы бар-жогун текшерүүгө укуктуу. Ошондой эле улуттук бюронун кызматкерлери согуш маалында ээн-эркин чек жактарга чыга албайт.
Эки күн мурун улуттук бюронун жетекчилиги бул органды өлкөнүн баш прокуроруна баш ийдирген мыйзамга каршылыгын билдирип, жемкорлукка каршы күрөшкөн эки мекеменин тең көз карансыздыгын чектейт деп сындаган. Украинада үч күн катары менен нааразылык акциялары уланды. Киевде президенттик кеңсенин алдында миңдеген киши чыкты.
Өткөн аптада Улуттук бюронун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири мамлекеттик чыккынчылыкка жана Орусия менен кызматташууга айыпталган. Андан соң Жогорку рада мекемени кайра түзүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Аталган эки институт тең 2010-жылдан кийин Евробиримдиктин сунушу менен өлкөдө жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн түзүлгөн.
Шерине