Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Франция Палестина мамлекетин тааныйт. Израил муну "террорчулукка шыкак" деп атады


Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас. Нью-Йорк, 25-сентябрь, 2024-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас. Нью-Йорк, 25-сентябрь, 2024-жыл.

Франция жакын арада палестин мамлекетин тааныганы жатат. Палестин автономиясы бул чечимди кубаттаса, Израил жана АКШ Парижди катуу сындады. Ал арада Газа тилкесинде гуманитардык кризис тереңдеп, ачкадан чарчап калган балдардын саны көбөйүп жатканы кабарланып келатат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бейшембиде билдиргендей, расмий Париж сентябрда Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы учурунда палестин мамлекетин таануу чечимин кабыл алды:

"Биз ХАМАСты куралсыздандырууга, Газада коопсуздукту камсыздоого жана тилкени калыбына келтирүүгө жетишибиз керек. Палестина мамлекетин түзүп, анын жашап кетишине өбөлгө түзүшүбүз зарыл жана ал куралдан баш тартып, Израилди толугу менен тааныганда Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукту камсыздоого катышууга уруксат бериш керек".

Макрон Х социалдык тармагындагы постунда "Газадагы согушту тезинен токтотуу, барымтадагыларды бошотуу жана карапайым элге гуманитардык жардам жеткирүү" зарылдыгын белгиледи.

Европадагы эң ири жөөт жана мусулман жамааттары жашаган Франция палестин мамлекетин тааныган, "Чоң жыйырмага" кирген алгачкы өлкө болуп калмакчы.

Палестин автономиясы француз лидеринин жарыясын кубаттады. Вице-президент Хусейн ал-Шейх бул чечим Франциянын "эл аралык укуктарды урматтаганын, палестин элинин өз келечегин аныктоо укугун колдогонун көрсөтөт” деп билдирди.

Ал эми Израил расмий Париждин ниетин катуу сындады. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху чечимди “террорчулукка шыкак берген кадам” деп сыпаттады. Израилдик бир катар расмий өкүлдөр өкмөттү Францияга жооп кайтарууга үндөштү.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Макрондун чечимин “террорго багынууга” теңеди:

"Мындай оңой эмес, Израилдин башына түйшүк түшкөн мезгилде биз тарапта болуунун ордуна Франциянын президенти Израилди алсыратуу аракетин көрүүдө. Биз мамлекет катары жашап кетүүбүзгө, Израилдин тарыхый жерлерине болгон укугубузга көлөкө түшүргөн палестин түзүлүшүнүн пайда болушуна жол бербейбиз. Андай чоң коркунучту биргелешип алдын алууга дилгирбиз".

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дароо реакциясын билдирип, Макрондун планын четке какты жана аны “ойлонбой кабыл алынган чечим” деп атады. Анын пикиринде, мындай кадам Америка менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын пропагандасынын отуна май тамызат жана тынчтык жараянына бут тосот.

Тынчтык процесси демекчи, жума күнү Вашингтон Газадагы согушту жөнгө салуу боюнча Дохада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөгү делегациясын чакыртып алганы белгилүү болду. АКШ Египет жана Катар менен биргелешип сүйлөшүүлөргө арачы түшүп келатат. Ак үйдүн Жакыңкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф ХАМАС “чын ниеттен” аракеттенбегенин белгиледи.

Анын алдында Израил да өз делегациясын кеңешүү үчүн чакыртып алган.Израилдин мамлекеттик Kan TV News телеканалы булактарга таянып, бул кадам сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады дегенди билдирбейт деп маалымдаган.

Башка бир булак ХАМАС радикал тобу палестиналык 200 согушкерди жана 2023-жылдын 7-октябрында, согуш тутанганда кармалган 2 миң газалык карапайым кишини бошотууну талап кылганын маалымдады. Телеканал бул сан ортомчулардын сунушунда каралгандан жана Израил макул болгондон көп экенин кабарлады.

ХАМАС радикал тобунун расмий өкүлдөрү Американын айыптоолоруна таң калганын, сүйлөшүүлөрдө “жоопкерчиликтүү ийкемдүүлүгүн көргөзүшкөнүн” билдиришти. Уюм “ок атууну туруктуу токтотууну жактай турганын” кайталады.

Палестин мамлекетин ушу тапта БУУнун 193 мүчөсүнүн 140тан ашууну тааныган. Арасында ири державалардан Орусия жана Кытай, Еврошаркеттин Испания, Польша өңдүү өлкөлөрү бар. Кыргызстан палестин мамлекетин 1995-жылы таанып, ошол жылы эле дипломатиялык алака түзгөн.

АКШ менен Британия палестин мамлекетин тааныган эмес.

Британ өкмөт башчысы Кир Стармер Франциянын жана Германиянын лидерлери менен чукул сүйлөшүү өткөрүп «Газадагы адам өлтүрүүлөрдү токтотуу жана тамак-ашка өтө зарыл болуп жаткан элди азык-түлүк менен камсыздоо жолдорун» талкууларын билдирди. «Биз гуманитардык апаатка күбө болуп келатабыз», - деп айтты Стармер.

Өз кезегинде Канада Израил өкмөтү Газадагы гуманитардык абалдын тез начарлашын алдын ала албаганын айыптады. Премьер-министр Марк Карни анын өлкөсү каржылаган жардамды бөгөттөө менен Израил эл аралык мыйзамдарды бузуп жатат деп сындады. Канада Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды эки мамлекет түзүү жолу менен чечүүнү колдойт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму гуманитардык жардам кое берилбей жаткан Газа тилкеси массалык ачарчылык коркунучуна кептелгенин билдирип келатат. Ал эми эксперттер чала тамактануу миңдеген кишинин, өзгөчө балдардын ден соолугуна залакасын тийгизип жатканын, анын кесепети дагы бир топ жыл бою сезилерин эскертүүдө.

Израил быйыл мартта анклавга жардам жеткирүү жолдорун бөгөттөп, майда аларды ачкан. Бирок бир топ чектөөлөр кала берүүдө. Израилдин бийлиги ошол жардам согушкер топтун колуна өтүп жатканын жана согуш маалында Газага жетиштүү көлөмдөгү азык-түлүк ташууга жол бергенин айтууда.

ХАМАС радикал тобуна каршы уруш мындан 21 ай мурун башталган. Ага жоочулардын Израилдин аймагын аткылап, бир күндө 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 чакты кишини барымтага алганы себеп болгон.

Жоочулар көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси ошондон бери 59 жарым миңден көп киши каза тапканын бейшембиде билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG