Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Мигранттар бул реестрден чыгуу түйшүк жаратып жатканын, тоскоолдуктар бар экенин айтууда. Элчилик мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Франция жакын арада Палестин мамлекетин тааный турганын жарыялады. Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берилди.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.
Ошто узак жылдардан бери шаардын борбордук бөлүгүн ээлеп келген базарлар көчүрүлүп жатат. Мэрия аларды калаанын батышында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базарга котрууда. Айрым соодагерлердин нааразылыгына карабай "Келечек" базары да 31-июлга чейин көчүрүлөрүн жергиликтүү бийлик маалымдады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүү системасын киргизүүнү сунуштады. Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана жөлөкпул аларын чоң көйгөй катары сыпаттаган.
Кыргызстандын Миграция министрлигинин өкүлдөрү Орусиянын тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугуп, ал жакта “кара тизмеге” кирип калган кыргыз мигранттарынын мыйзамдашуусундагы тоскоолдуктар жөнүндө билдирди.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 12 жылдык окутууга өткөнүн жарыялады. Биринчи радиого курган маегинде, окуу куралдары даярдалып жатканын жана заманбап стандарттар менен окутуу программалары түзүлгөнүн белгиледи. 12 жылдык окууда балдар мектепке алты жаштан тарта барышат.
Москванын мэри Сергей Собянин РИА Новости агенттигине маек куруп, ар бир мигранттын кирип-чыгышы, каттоого турушу, баскан-турганын аныктай турган атайын программа иштелип жатканын маалымдады.
Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошту.
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талкууга түштү. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.
Мигранттарды телефон аркылуу көзөмөлдөй турган атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди. Юристтер бул чаралар жеке маалыматты коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин эскертүүдө.
Кыргызстанда кызамык (корь) жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Расмий маалыматта быйыл июнга карата 8572 жаңы учур катталды. Оорунун жайылып жатышына эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы, вакцинадан баш тартуу жана ата-энелердин жетишсиз маалыматы себеп экени белгиленди.
Дагы жүктөңүз