Орусиянын Тергөө кызматы Амур облусунда кыйраган Ан-24 учагындагы 48 адамдын баары - 42 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү набыт болгонун расмий бышыктады.
Аталган облуста үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
"Ангара" авикомпаниясына таандык учак 24-июлда Хабаровск-Благовещенск-Тында багытында учуп баратканда кырсыктаган. Тындадагы аэропортко биринчи жолкусунда коно албай, экинчи жолу аракет кылып жатканда байланышка чыкпай калган.
Куткаруучу тик учак кырсык болгон жерге коно албай, куткаруучулар ал жерге жөө жеткен.
"Ангаранын" башкы директору Сергей Саламатов 112 телеграм каналына тергөөчүлөр компаниянын кеңсесиндеги документтерди алып кетишкенин билдирген. Анын айтымында, учак Благовещенскиден белгиленген мөөнөттөн эки саатка кеч учкан жана бул аба ырайына байланыштуу болгон. Саламатов учактын техникалык абалы жакшы болгонун, тажрыйбалуу пилот башкарып баратканын белгилеген.
Кырсыктаган учак мындан 50 жыл мурун чыгарылган жана анын учууга жарамдуу деген сертификаты 2036-жылга чейин узартылган.
Буга чейин "Ангаранын" башкы директору жаңы учактардын жоктугунан улам Ан-24 жана Ан-25 үлгүсүндөгү учактарды колдонууга уруксат сураганы, мындай үлгүдөгү учактарды колдонуунун мөөнөтү 50 жылдан 60 жылга чейин деп узартылганы тууралуу маалыматтар чыккан.
Алгачкы маалыматтарда жүргүнчүлөр 43 киши экени маалымдалган. Бирок билет сатып алгандардын арасынан бир жүргүнчү жеке иштерине байланыштуу учпай калганын 25-июлда "Свобода" жазды.
Шерине