Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы кагылышта 16 адам мерт болгонун билдирди


Эки өлкөнүн чек арасындагы жаңжал 24-июлга караган түнү тутанган.
Эки өлкөнүн чек арасындагы жаңжал 24-июлга караган түнү тутанган.

Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 16 адам мерт болгонун, алардын дээрлик баары жайкын тургундар экени кабарлады.

Reuters агенттиги 24-июлга караган түнү тутанган жаңжал жума күнү дагы уланганын жазды.

Таиланддын бийлигинин билдиришинче, жума күнү таңга маал чек арадагы Убонратчатхани жана Сурин провинциялары аткыланган. Камбоджа БМ-21 үлгүсүндөгү Орусияда жасалган ракеталык системаны, артиллерияны колдонгон. Бутага алынган аймактардан 100 миңдей киши эвакуацияланды.

Камбоджанын Коргоо министрлиги аскердик жайларга гана сокку урулганын, эки бомба жолго ыргытылганын маалымдады. Бул өлкөнүн бийлиги жаңжалдын курмандыктары тууралуу маалымат бере элек.

Куралдуу кагылышка айланып кеткен чек арадагы жаңжалга эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат.

Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кагылыштан улам кыргыз жарандарын бул өлкөлөрдөгү чек арага жакын аймактарга барбай турууну эскертти. Камбоджа менен Таиландда убактылуу же туруктуу жашап жаткан жарандарды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Өзгөчө кырдаал жаралган учурла Малайзиядагы кыргыз элчилигине же ТИМге кайрылууну сунуштады.



Шерине

XS
SM
MD
LG